18-октябрь 2024-жылы социалдык-гуманитардык институтунда кесиптик майрамдык иш-чара өттү. Бул иш-чарага университеттин кесиптик колледжинин “социалдык иштер” багытында окуган студенттер катышышты.

Анда колледждин мыкты окуган, алдыңкы студенттеринин ата-энелерине Ж.Баласагын атындагы КУУнун ыраазычылык каты берилди. Бул катта үлгүлүү, активдүү студенттерди чоңойтуп тарбиялаган ата-энелердин эмгеги жана ролу жогору бааланып аларга ыраазычылык айтылган.

Кесиптик колледждин студенттери да майрамдык иш-чаранын кызыктуу жана жогорку деңгээлде өтүшүнө өз салымдарын кошушту. Алар дубал газеталарын чыгарышып, ыр-бийлерин тартуулашты. Иш-чарага кесиптик колледждин окутуучулары Н. Токоева жана Рустанбек кызы Нуразем уюштуруп, студенттерди даярдашкан.

Иш-чарада студенттерди  СГИИнин директору псих. и. к. доцент Камчыбек уулу М., КУУнун профсоюз уюмунун өкүлү К.В.Иванов, социология жана социалдык иштер кафедрасынын башчысы с.и.к., доцент А.Р. Жусубалиев жана социалдык иштер адистерин даярдаган ЖОЖдордун Ассоциациясынын жетекчисинин орун басары псх.и.к., доцент Н.Х. Мураталиева куттукташып, социалдык иштердин коомдогу маанилүү ордун баса белгилешти жана студенттердин окууларына ийгиликтерди каалашты.

(С) Н.Б.Токоева – кесиптик колледждин окутуучусу 

Добавить комментарий