2024-жылдын 11-октябрында социалдык-гуманитардык илимдер институтунун психология, клиникалык психология адистигинин 1-курс студенттери окутуучулар Д.К.Кулбачаев, Г.Ж.Элтузерованын жетекчилиги астында Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына барып, «Төлгө» спектаклин көрүп келишти.

Кыргыз элинин руханий байлыктарынын туу чокусу – улуу «Манас» эпосу. «Семетей» дал ушул үчилтиктин эң көлөмдүү бөлүгү. Кыргыз эл акыны Жалил Садыков аны театрга алып келүү менен бирге, эпоско жаңы дем берген. Аталган драманын негизинде сахналаштырылган «Төлгө» спектаклинде Айкөл Манастын руху анын урпактарында жашаары чагылдырылган. «Ошол себептен атасын билбей, бешикте кеткен Семетейди кыргыз эли дегдеп күтүп, анын ар бир кадамында атасынын ордун басар уул болсун деп төлгө кылат».

Студенттер спектаклдеги Каныкейдин аялдык ички трагедиясын, таянган тоосу кулагандан кийин бузукулуктун, көрө албастыктын курмандыгына айланган муң-зарын, уулунун келечеги кыргыз элинин келечеги экендигин алдын ала сезип, ал үчүн жан берүүдөн дагы кайра тартпастыгын көрүшүп, өзгөчө бүгүнкү күндүн жаш муундарына өрнөк боло турган кайын энеси Чыйырды менен сый мамилесине күбө болушту.

Студенттер спектаклден мекендин ыйыктыгын барктай билүүнү, элине кызмат кылууну, ар бир адам өз милдети деп эсептөө зарылдыгын түшүнүп, шыктанып, руханий азык алып кайтышты.

(С) Малтабаров Б.А. – мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча директордун орун басары, соц.и.к.

Добавить комментарий