2024-жылдын 11-октябрында 6-окуу имараты тараптагы футбол талаасында Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти тарабынан ректордун кубогун утуп алуу үчүн окуу жайдын мырзалары арасында кичи футбол боюнча турнир өткөрүлдү.

Турнирди биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев ачып, оюндун катышуучуларына ийгилик каалады. Иш чара концерттик программа менен коштолду.

Оюнга кесиптик колледж, юридикалык колледж, юридикалык институт, ректорат, чет тилдер факультети, математика жана информатика факультети, география, экология жана туризим факультети, экономиканын жогорку мектеби, компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту жана жаштар саясаты жана спорт департаментинин командалары катышты.

Жыйынтыгында, биринчи орунду математика жана информатика институту багындырса, экинчи жана үчүнчү орундарды юридикалык институт менен юридикалык колледж ээледи.

(С) С.Ш. Турсуналиев – дене тарбия жана спорт боюнча бөлүмдүн башчысы  

Добавить комментарий