2024-жылдын 14-сентябрынан  5-октябрына чейин чет тилдер институтунда англис тили окутуучулары үчүн социалдык-эмоциялык окутуу (SEL) стратегияларын колдонууга багытталган тренинг өттү.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги колдогон жана Young Educators уюму уюштурган сабактарга 20 окутуучу катышып, өзүн-өзү таануу, эмоцияларды башкаруу, социалдык аң-сезимди өнүктүрүү, жоопкерчиликтүү чечим кабыл алуу, инклюзивдүү билим берүү жана биргелешкен окутуу боюнча маанилүү көндүмдөргө ээ болушту.

Тренингди Lingua Innovative Education Foundation тренерлери, “Лингвистика” кафедрасынын доценти, ф.и.к. Асель Мукарапова менен “Котормо” кафедрасынын окутуучусу Айжаркын Тагайбекова өткөзүштү.

Окутуучулар жаңы билим алуу мүмкүнчүлүгүнө абдан ыраазычылыгын билдирип, бул тренинг алардын окутуу практикасын жакшыртаарын белгилешти жана тренингди ийгиликтүү өткөрүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн АКШ элчилигине жана Young Educators уюмуна ыраазычылыгын билдиришти.

Тренингдин соңунда окутуучуларга чет тилдер институтунун директору Кенжебай  Уметов сертификаттарды тапшырды.

(С) Тагайбекова Айжаркын – “Котормо” кафедрасынын окутуучусу

Добавить комментарий