2024-жылдын 8-октябрында география, экология жана туризм факультетинде “Экология жана климат” деген аталыштагы тегерек стол болуп, жыйынга экология жана география адистигинин студенттери, магистранттары жана профессордук-окутуучулар жамааты катышты.

Иш чараны туризм, рекреациялык география жана экология кафедрасынын доценти Н.К.Теңирбердиев алып барып, алгачкы сөздү Орхусс борборунун жетекчиси Нурбеков Адил Кеңешбековичке берди. Ал “Жаштарды тарбиялоо маселесинде Кыргызстандын Орхусс борборунун ишмердүүлүгү” деген баяндама жасады.

Андан кийин Борбордук Азиядагы регионалдык экологиялык борбордун (РЭЦЦА) Кыргызстандагы филиалынын жетекчиси Матраимов Кубан Абазович “КРдин регионалдык экологиялык борборунун долбоорлор менен иштөөсү” деген темадагы презентациясын көрсөттү.

Баяндамалар жасалгандан кийин студенттер тарабынан суроолор берилип, жогорку деңгээлде, кызыктуу өттү.  

Иш чаранын  алкагында 4-курстун студенттери Суранаева Бийке, Саламатова Сезим тарабынан “Экология жана климат” деген аталыштагы доклад жасалды.

Жыйындын соңунда факультеттин  доценттери Т.А.Супатаев, Ж.К.Чунгулов жана ага окутуучу Б.И.Шаршеев келген конокторго ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалашты, ал эми доцент Н.К.Теӊирбердиев мындай жолугушуулар студент, магистранттар келечекте мыкты кесипкөй адис болушунда чоӊ мотивация берээрин белгилеп, факультет ар дайым кызматташууга даяр экендигин айтып өттү. 

(С) Болот Шаршеев – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий