2024-жылдын 4-октябрында юридикалык колледжде Мугалимдер күнүнө карата иш чара болуп өттү.
КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев жалпы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ыраазычылыгын билдирди жана окутуучуларга Жогорку Кеӊештин Ыраазычылык катын, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамоталарын тапшырды.
Андан соң юридикалык колледждин студенттик кеңеши жана жалпы студенттери тарабынан даярдалган “Таазим сага, мугалим” аттуу чакан концерттик программа тартууланды.
Мугалим – бул чырак, түндү жарыткан,
Өз милдетин аткарууга ашыккан.
Нечендеген окуучуга талыкпай,
Билим берип бул дүйнөнү тааныткан!
(С) Харсан Тумаров – директордун орун басары