2024-жылдын 4-октябрында башкы имараттагы смарт класста “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” жана “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу” Президенттин Жарлыктарына ылайык алгачкы агартуучу, төкмө акын, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Сыдык Алайчиевдин элесине арналган “Агартуучулук – билим берүүнүн өзөгү” аттуу илимий-тажрыйбалык конференция  болуп өттү. 

Жыйынга мамлекекттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаракул Ишекеев, И.Арабаев атындагы КМУнун доценти Ч.Салиева, ф.и.д., профессор Г.Ж.Орозова, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын окутуучулары, магистранттары жана аспиранттары катышты.

Сыдык Алайчиев жѳнүндѳ видео тасма көрсөтүлгөндөн кийин жыйынды филология илимдеринин доктору, профессор Садык Тиллебаев ачып, куттуктоо сөздү келген конокторго узатты.

Конференцияда төмөндөгүдөй баяндамалар окулду.                     

  • Г.Ж.Орозова ф.и.д., профессор: “Бала ырчынын (С.Алайчиев) ѳмүрү жана чыгармачылыгы архивдик материалдардын негизинде”.
  • А.Баймырзаев доцент: “Сыдык  Алайчиев – түштүк жергесинин Дүйшѳнү”.

Жыйындын аягында Сыдык Алайчиевдин үй-бүлөсүнүн атынан небереси, мамлекеттик жана коомдук иштер Д.Б.Сыдыков ыраазычылык билдирди.

(С) Динара Мырзагулова – мамлекеттик тил секторунун башчысы.

Добавить комментарий