Практика жана карьера борборунун директору Замир Бакалбаев “Karls Markt ONG & Karls Tourismus GmbH” компаниясынын чакыруусу менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана жаңы кызматташтык келишимдерин түзүү үчүн 2024-жылдын 24-сентябрынан 29-сентябрга чейин Германия Федеративдик Республикасына кызматтык командировкага барып келди.
Сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдик Республикасындагы элчилик менен жолугушуу өткөрүлүп, студенттердин жайкы жумуш учурунда жана Кыргыз улуттук университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн мыйзамдуу жумушка орношуусунда укуктук көмөк көрсөтүүгө көрүлүп жаткан иш чараларды талкуулашты. Жумуш берүүчүлөрдүн студенттерге жана дипломдуу адистерге жумуш процессинде түзүлгөн шарттарды жакшыртуу үчүн көзөмөлдү күчөтүүнүн актуалдуулугун Замир Бакалбаев белгилеп кетти. Кыргыз республикасын Германия Федеративдик Республикасындагы элчилигине Кыргыз улуттук университетинин символикалары менен белектер тапшырылды. Элчиликтин өкүлү Айнура Турсунбаева Кыргыз улуттук университетине ыраазычылык билдирип, эки тараптуу жолугушуулар конструктивдүү натыйжаларды алып келээрине ишеним билдирди.
“Karls Markt ONG & Karls TOURISMUS GmbH” компаниясы Германия Федеративдик Республикасындагы эң ири ишканалардын бири болуп саналат. Берлин, Доблин, Росток жана башка шаарларында жайгашкан ойун зоок жана эс алуу парктары, мейманкалары, өндүрүш ишканалары жана ири маркеттер компаниянын курамына кирет. Замир Бакалбаевди “Karls Markt ONG & Karls TOURISMUS GmbH” компаниясынын директору Ульрике Дааль тосуп алып, Германиянын төрт шаарында жайгашкан ишканалары менен тааныштыруу иш чарасын уюштурду. Замир Бакалбаев компанияда иштеп жаткан Кыргыз республикасынан барган студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен биргеликте “ Германиядагы жумуш: заман талабы жана коомдун чакырыгы” темасындагы тегерек стол өткөрдү. Саясий аренадагы жана көптөгөн жөнөкөй адамдарды, алардын ичинен жаш муунду түйшөлткөн суроолор талкууланды. Германия Федерациясы өнүккөн өлкөлөрдүн ичинен көп адамдарды кызыктырат. Бул өлкөгө келүү көбүнчө студенттик программалар, сезондук жумуш жана саякат келишимдер жана ошондой эле жогорку квалификациянын негизинде жумуш ордун табуу аркылуу гана ишке аша алат. Даярдыксыз тил билбей же суроо- талап бар кесиптин ээси болбой туруп бул өлкөгө келүү мүмкүнчүлүгү аз.
Германиянын күчтүү экономикасы, чоң өндүрүштүк индустриясы, экспорт, автоматташтыруу жана санариптештирүү, социалдык камсыздоонун жогорулашы жана демографиялык тең салмаксыздык өлкөдөгү жумушчу күчкө жана дипломдуу адистерге болгон муктаждыкты күчөткөн. Германиядагы жетишпеген кадрлардын сап башында IT адистери, экономисттер, инженерлер, эсеп мененджерлер, компанияны башкаруу боюнча адистер турат.
Германиянын билим берүү министирлигинин “ Анабин” чет өлкөлүк билим берүү кваликацияларын баалоо жана дипломдорду таануу программасы боюнча Кыргыз улуттук университетин 18 билим берүү багытынын бүтүрүүчүлөрү дароо өз кесиби боюнча жумушка орношуу мүмкүнчүлүлүктөрүнө ээ, жеткиликтүү деңгээлде немец тилин билүү негизги талаптардын бири болуп саналат.
Кыргыз улуттук университетинин студенттерин жайкы эс алуу учурунда жумушка жөнөтүү, бүтүрүүчүлөрдү квалификациясы менен жумушка ийгиликтүү орноштуруу үчүн “Karls Markt ONG & Karls TOURISMUS GmbH” компаниясы, ОсОО «Самара Немец Академиясы», Жусупа Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети үч тараптуу меморандумга кол койушту.
Замир Бакалбаев “Karls Markt ONG & Karls TOURISMUS GmbH” компаниясынын жетекчилигине университеттин атынан алып барган улуттук сувенирлерди тапшырып, өз ара жогорку деңгээлдеги кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.
(С) Напасова А. – ПжКБнын жетектөөчү адиси










