2024-жылдын 21-сентябрында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышындагы ЖОЖдор аралык республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Аталган сынакты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия, Билим берүү жана илим министрлиги жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети биргеликте мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана билим берүү тармагында мамлекеттик тилдин ролун бекемдөө максатында уюштурган.
Сынакка Кыргызстандын 13 жогорку окуу жайынын окутуучулары катышты. Тагыраак айтканда, Ж.Баласагын атындагы КУУ, И.Раззаков атындагы КТУ, ОшМУ, ОшМПУ, ТалМУ, БатМУ жана башка окуу жайлары. Сынакка катышкан окутуучулар мамлекеттик тилди окутууда интерактивдүү ыкмаларды, санарип технологияларды, креативдүү жана инновациялык усулдарды пайдалануу боюнча өз тажрыйбаларын бөлүшүштү.
Сынактын негизги максаты – мамлекеттик тилди окутуунун жаңы ыкмаларын аныктоо, аларды билим берүү процессинде колдонуу жана жайылтуу аркылуу мамлекеттик тилдин окутуу сапатын жакшыртуу.
Мамлекеттик тилди экинчи тил катары окутуу боюнча 2-орунду профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын доценти Сарылбекова Зууракан ээлеп, диплом жана планшет менен сыйланды.
Сарылбекова Зууракан – кыргыз тилин экинчи тил катары окутуу боюнча окуу китептердин, методикалык куралдардын автору.
Сизге чыӊ ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз. Бул жеӊиш биздин университеттин дагы жетишкендиги деп билебиз.
(С) Аскар кызы Ж. – профессор К.Иманалиев атындагы ФББТ кафедрасынын башчысынын м.а., доцент




