2024-жылдын 23-сентябрында кыргыз-кытай институтунда Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу “Улут болсом тилим менен улутмун” аталышындагы иш-чара болуп өттү.

Майрамдык кечени атактуу төкмө акын Амантай Кутманалиев төкмөлүк өнөрү менен ачып берип, таланттуу манасчы, ооз комузчу, ырчы, бийчи студенттер улантышты. Эне тилдин улуулугу жөнүндө көркөм ырлар окулду. Жыйынтыгында, ККИ директорунун окуу бөлүмүнүн башчысы Бейшеева А.А куттуктоо сөзүн сүйлөп, студенттерди эне тилин сүйүүгө шыктандырды.   

Аталган иш-чарадан соң ККИнин студенттери Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарага конок катары катышышты.

(С) Кочорбаева Р.Б. – ККИ директорунун илимий иштер боюнча орун басары

Добавить комментарий