2024-жылдын 20-сентябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында “Жусуп Баласагындын мурасы жана түрк дүйнөсү” деген темада эл аралык форум болуп өттү.

Жыйында Ж.Баласагындын өмүрү, чыгырмачылыгы, «Кутадгу билиг» поэмасында көтөрүлгөн маселелер тууралуу кызыктуу баяндамалар болду. Пленардык жыйында УИАнын корр.-мүчөсү, проф., пед.и.д. Э. Мамбетакунов «Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» чыгармасындагы экологиялык жана этикалык маселелер» деген темада доклад жасады жана секция иштерине модератор болду.

Форумда кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова «Чыгыш ренессанс доору: Ж.Баласагындын «Кутадгу билиг» дастаны» деген темада баяндама жасады.

Иш-чаранын соңунда атактуу аалымдын мурасын мындан ары изилдөө, жайылтуу иштери боюнча резолюция кабыл алынды.

(С) Гүлжамал Жаманкулова – кыргыз тил илими кафедрасынын профессору

Добавить комментарий