2024-жылдын 24-сентябрында И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин педагогикалык колледжинде 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата “Кыргыз тили” кабинети ачылды.
Салтанаттуу иш чарада институттун директору Рахат Сулайманова жана Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун башкы адиси Каныбек Абдраимов сөз сүйлөп, “Кыргыз тили” кабинетинин ачылышы студенттердин мамлекеттик тилди үйрөнүүсүнө, билим деңгээлин жогорулатуусуна жана тилдин өнүгүүсүнө өбөлгө болорун белгилеп, кабинетти ачууга өз салымын кошкон жалпы эмгек жамаатына ийгилик каалап, ыраазычылык билдиришти.
(С) М.Т.Шарабидинов – педколледждин башчысы





