2024-жылдын 23-сентябрында башкы имараттын кичи жыйындар залында кыргыз-япон институту Мамлекеттик тил күнүнө карата  салтанаттуу  иш-чара өткөрдү.

Майрамдык салтанатка мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан менен илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев катышып, мамлекеттүүлүгүбүздүн ал-абалы, бүгүнкү жагдайы жана келечеги жөнүндө кеңири сөз кылышты жана жаштарды улуттук жана адамзаттык баалуулуктарды терең өздөштүрүүгө, улуттук иденттүүлүктү сактоого үңдөштү, о.э. студенттердин калыптануусунда эне тилдин, тарыхый эс-тутумдун, үрп-адат, салт-санаа – жалпы эле маданияттын жана Ата Мекендин маани-маңызы, дөөлөт-касиети жөнүндө омоктуу ойлорун ортого салышты.

Институттун директору Такахара Дайсуке кыргыз-япон тилдеринин өзгөчөлүктөрү жана жалпылыктары, келечеги туурасында айтып берди.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө студенттер “Манас” айтып, комузда кол ойнотуп, улуттук бий, көркөм окуу, макал айтуу, акыйнек айтышуу, жекече кыргыз ырларын ж.б. аткарвп, чеберчилигин көрсөтүштү.

Директордун орун басары Айнура Мырзалиева, институттун окутуучулары менен студенттери катышкан иш-чаранын маданий бөлүгүн институттун ага окутуучусу Аида Сопонова даярдаган.

Катышуучулардын айтымында, майрамдык салтанат жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулардын таалим-тарбиясына жана маанайына көркөм-эстетикалык рахат тартуулады.

(С) Жылдыз Гапарова – курстун менеджери

Добавить комментарий