2024-жылдын 20-сентябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында “Жусуп Баласагын мурасы жана түрк дүйнөсү” аттуу эл аралык форум болуп өттү. Иш чара Улуттук университетинин алдындагы Жусуп Баласагындын эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды.
Жыйынга ТҮРКСОЙ эл аралык түрк маданияты уюмунун баш катчысы, эл жазуучусу Султан Раев, ТҮРКСОЙдун референти, изилдөөчү Бөрүбай Сабырбек, о.э. Азербайжан, Казакстан, Түркиядан окумуштуу-изилдөөчүлөр катышты.
Форумду КУУнун илимий иштер боюнча проректору Назаркул Ишекеев ачып, сөз кезегин ректор Догдурбек Чонтоевге берди.
Ректор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрында болуп өткөн жыйынында 21-сентябрь – Жусуп Баласагын күнү деп бекитилип, бул күн эми жыл сайын белгиленээрин, аталган чечим улуу ойчулдун чыгармачылыгын сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу максатында кабыл алынганын белилеп, төмөндөгүлөгө токтолду:
“Тарыхий мааниси бар мындай инсандын ысымын жогорку окуу жайлардын көч башы болгон Улуттук университеттин алып жүргөндүгү биз үчүн абдан сыймыктуу. Эң башкысы – Жусуп Баласагын бабабыздын мурасы жалпы түрк дүйнөсүндө изилденип, анын мамлекеттик башкаруудагы, адамзаттын эстетикалык көз-караштарын калыптандыруудагы салымы, “илим”, “акыл”, “окуу” сыяктуу маселелердин маңызын символикалык образдар аркылуу окурманга мурас катары калтырып кеткендиги кылымдан-кылымга кеменгерлик жарыгын чачып келет.
Чындыгында, “Адам канткенде адам болот?” деген суроо ар бирибиздин көкүрөгүбүздө айтылганы менен, аны тажрыйбада колдонуу жана иш жүзүндѳ ашыра билүү ар кимибиздин колубуздан келе бербейт. Ошондуктан, Жусуп Баласагын бабабыздын өз учурунда адамзаттын көйгөйлөрүн түшүнүп, бизге “Кут алчу билимди” таберик катары калтырып кеткендиги бизди гана кубандырбайт.
Бабабыз Жусуп Баласагын жазган тариздүү ойлорду терең сиңирип жашасак, мүмкүн “кой үстүнө торгой жумурткалаган заманга келет белек” деген тилек, үмүт ар бирибизди түйшөлтүп келет. Көрсө, тирүүлүктүн татаалдыгын адамзаттын аракеттери жана эмгеги менен чечүүгө болот экен.
Аталган чыгармада болгону 4 эле каарман катышат. Бирок, алардын көтөргөн жүгү, таануучулук, тарбиялык мааниси 10 кылым өтсө дагы өз баасын жоготпой келет. Мисалы, мамлекетти башкаруу мыйзамдарын ар түрдүү кесиптин ээлери болгон каармандардын суроо-жооптору, диалогдору, баарлашуулары менен окурмандарга ачып бергендигин байкоого болот.
Улуу бабабыз “Кут алчу билим” чыгармасын жазуу менен алдына негизги 3 максатты койгон:
- “Мамлекеттибиз бардык жагынан өнүккөн, идеалдуу өлкөлөрдүн катарына өсүп, жетилсе экен” деген таза ойду туюнткан;
- “Мамлекет башкарган инсандар жана мыйзам иштеген мамлекет болуп, ага жалпы журт баш ийип жашаса” деген аруу тилегин айткан;
- “Ошол мыйзамдарга төмөнкү жактан баштап жогорку жакка чейинки эл өкүлдөрү баш ийсе” деген үмүтүн жазган.
Ар бир адам тарых барактарынан сабак алса жаман болбойт. Биз дагы Жусуп Баласагын бабабыздын даанышман ойлорунан сабак алганыбыз абзел деп ойлойм.
Ушул күнү Жусуп Баласагын бабабыздын мурасын жаш муундарга даңазалоого жана насыйкаттоого милдеттүүбүз деген терең ишенимчтемин. Бүгүнкү иш чарада окула турган көптөгөн бидирүүлѳр, баяндамалар бар экен. Аларда жаштарды тарбиялоо боюнча жакшы ой-тилектер айтылат деген ойдомун. “Жусуп Баласагын мурасы жана түрк дүйнөсү” аттуу эл аралык форумдун ишине ийгилик каалайм”.
ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев “Кут” сөзүнүн баалуулугу кыргыз элинин гана мурасына таандык экендигин, башка түрк элдери Жусуп Баласагындын мурасы боюнча бириккен изилдөөлөрдү жүргүзүү керектигин баса белгиледи жана КУУнун ректоруна Жусуп Баласагындын “Кут алу билим” аттуу чыгармасын белек кылды. Ал эми кыргыз филологиясы факультетинин доценти Назгүл Турдубаеваны өзү жетектеген уюмдун ардак грамотасы менен сыйлады.
Жусуп Баласагын тууралуу даректүү тасма көрсөтүлгөн соң, форумдун темасы боюнча акын, котормочу, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Төлөгөн Козубеков, ЮНЕСКОнун Туркиядагы улуттук комиссиясынын төрагасы, профессор Өжал Огуз (видео), бүт өмүрүн Жусуп Баласагынга арнаган азербайджандык түрколог Найле Аскер айым, Ө.Жаныбеков атындагы Түштүк Казакстан педагогикалык университетинин доценти Нұриман Бекарыс чыгып сүйлөштү.
Жыйындын соңунда резолюция кабыл алынды.
“Жусуп Баласагындын мурасы жана түрк дүйнөсү” аттуу эл аралык форумдуун резолюциясы:
Эл аралык форум 2024-жылдын 20-21-сентябpында оффлайн жана онлайн форматында өттү. Аталган Форумга Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайларынан ушул темада макала жазган окумуштуу-изилдөөчүлөр катышты. Анда 37 окумуштуунун макалалары келип түштү.
Эл аралык форумдун катышуучулары иш чара ийгиликтүү өтүп, өз максатына жеткендигин белгилөө менен, келечекте жана жакын арада аткарылуучу негизги иштердин багыттары катары төмөнкүдөй резолюция кабыл алышты:
1. Жусуп Баласагындын баалуу мурасы болгон “Кут алчу билимди” окурмандардын колуна толук жеткирүү максатында чыгарманы кайрадан байма-бай басмадан басып чыгаруу.
2. Улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” чыгармасынын Венада, Каирде жана Наманганда табылып, Ташкентте сакталып турган түп нускасынын көчүрмөсүн мамлекеттик органдар аркылуу алдырып, руханий мурас катары же атын алып жүргөн Улуттук университетте, же атайын ачылган илимий-изилдөө борборунда сактоо.
3. “Жусуп Баласагын жана анын мурастары” аттуу илимий-изилдөө борборун ачуу.
4. “Жусуп Баласагын” атындагы эл аралык мамлекеттик сыйлык уюштуруу. Тарыхыбызды, маданиятыбызды, илимий иштерибизди таанытып келген татыктуу кызматкерлерге, изилдөөчүлөргө, маданият кызматкерлерине аталган сыйлыкты ыйгаруу.
5. Жогорку окуу жайларда “Жусуп Баласагын окуулары” аттуу лекциялык курсту киргизүү. Келечек ээлерине тарыхыбызда жашап өткөн тарыхый инсандарыбызды таанытуу.
6. 21-сентябрь – Жусуп Баласагын күнүнө карата Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги түркологиялык илимий-тажрыйбалык конференция, симпозиум, тегерек стол, форум уюштуруу.
7. “Кутту билимди” кара сөзгө айлантуу. Мисалы: Ашым Жакыпбеков “Манас” эпосун кара сөзгө айланткан сыяктуу, бул чыгарманын дагы кара сөз түрүндөгү вариантын окурмандарга сунуштоо.
8. Интернетте “Жусуп Баласагын” аттуу илимий-теориялык рубрика ачуу. Бул дүйнө жүзүндөгү “Куттуу билим” чыгармасынын изилдөөчүлөрүнүн башын бириктирген жалгыз бир социалдык тармак болуп калат. Келечекте диссертациялык, магистрдик, курстук иштерди жазууга көп материал топтоого жардам бермекчи.
9. Чыгарманын аудио жазуусун даярдоо. Бул окурмандарга чоң таасир берет. Аудиториялык, лекциялык, практикалык сабактарда аудио жаздырууну кеңири колдонуу менен Жусуп Баласагындын ар бир саптарын талдоого жол ачылмакчы.
10. Мамлекеттик органдарга, министрликтерге, өкмөт мүчөлөрүнө, жергиликтүү областтык, райондук жетекчилерге чиновниктин касиеттери, негизги сапаттары тууралуу жыл сайын илимий-практикалык окууларды уюштуруу менен аларга “Кут алчу билимдеги” мамлекеттик кызматкерлердин негизги сапаттарын, касиеттерин, карапайым элге мамилесин, эмгекчиге адилеттүү, сый мамиле жасоо мүнөзүн, мамлекеттик кызматтын этикасын үйрөтүү тартиби киргизилсе. Атайын колдонмо да чыгарылса.
11. “Куттуу билимди” терең изилдеп коомчулукка жеткирүү. Ал үчүн салттуу билимди терең билүү зарыл.
12. “Жусуп Баласагын жана түрк дүйнөсү” аттуу энциклопедиялык окуу китебин жарыялоо.
13. Жазуучу Төлөгөн Козубековдун котормосу 40 жылдай тарыхы бар китеп болуп калды. Мындан башка дагы араб жазуусундагы “Куттуу билим” чыгармасынын түп нускасын жекече кызыгуусу менен которо турган котормочуларга берип, дагы жаңыча котортуу керек.
14. Улуттук теле-радио компаниялар атайын “Жусуп Баласагындын мурасы” сыяктуу аталышта теле берүүлөрдү, радио уктурууларды уюштуруу. Бул жаш муундарга байыркы тарыхыбызды тереңирээк таанытууга өбөлгө болмок.
