2024-жылдын 20-сентябрында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Жыйынга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Канат Сейдалиев, ЖОЖдордогу мамлекеттик тил боюнча адистер жана студенттер катышты.

Иш чараны мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан ачып, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын тѳрагасынын орун басары Сейдалиев Канат Шакировичке куттуктоо сөзүн узатты.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон зор салымы үчүн КУУнун төмөнкү кызматкерлерине КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төш белгиси жана ардак грамотасы тапшырылды.

Тѳш белги

  • Физика жана электроника факультетинин доценти С.К.Кадышевге
  • Математика жана информатика факультетинин деканы И.А.Усеновго.

Ардак грамота

  • Журналистика жана коммуникация институтунун  доценти Ш.А.Эшанкуловага.

Ыраазычылык барагы

  • Кыргыз-кытай институтунун магистратура жана доктарантура бѳлүмүнүн жетекчиси А.З.Молдобаевага.                             

Иш чаранын соңунда студенттер арасында жарыяланган баяндама жазуу сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Сынактын алдыңкылары болуп төмөнкүлөр аныкталды:

  • 1-орун: КУУнун 1-даражадагы диплому менен социалдык-гуманитардык илимдер институтунун студенти Курманбекова Гузель сыйланды.
  • 2-орун: КУУнун 2-даражадагы диплому кыргыз–кытай институтунун студенти Некрытова Элеонорага жана химия жана химиялык технологиялар факультетинин студенти  Туратбекова Саадатка берилди.
  • 3-орун: КУУнун 3-даражадагы диплому география, экология жана туризм факультетинин студенти Чоюбекова Алия менен кесиптик колледждин студенти Султанов Имранга ыйгарылды.

Добавить комментарий