2024-жылдын 14-июль күнү саат 15.00дө кабыл алуу комиссиясы жайгашкан №6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди кабыл алуунун 5-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов алып барган жыйынга кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Мирбек Айтымбетов жана факультеттердин декандары, институттардын директорлору оффлайн жана онлайн режимде катышты.

Жыйындын башында Жеңиш Бексултанов отурумдун катышуучуларынын кворумун текшерип, сөз кезегин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысынын орун басары Изат Усеновго берди.

Ал “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу факультет, институттардын бюджеттик жана контракттык бөлүмдөрүндөгү багыттарга (адистиктерге) 5-турда катталган абитуриенттердин саны, ал багыттарга (адистиктерге) “Бишкек шаары”, “Кичи шаарлар”, “Тоолуу аймактар” жана “Айыл аймактары” деген категориялар боюнча система тарабынан бөлүштүрүлгөн орундардын саны тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Изат Усеновдун сунушу колго салынып, ар бир факультет/институт боюнча комиссия мүчөлөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Изат Усенов о.э. магистратурага тапшыруу боюнча да билдирүү жасады.

“Жеңилдик берилген абитуриенттер” категориясы боюнча маалыматты кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысынын орун басары Гүлнара Бузурманкулова берди.

Абитуриент Онлайн”  автоматташтырылган маалымат системасынан алынган маалымат боюнча 5-турда Улуттук университетке жалпысынан 260 абитуриент катталып, бул көрсөткүч боюнча КУУ Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында 2-орунду ээледи. 1-орунда 363 абитуриент менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, ал эми 3-орунда 224 абитуриент менен Кыргыз-Орус Славян университети.

Жалпы 5 турдун жыйынтыгы боюнча Улуттук университетке 8240 абитуриент катталып, бул көрсөткүч боюнча КУУ Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында 1-орунду ээледи. 2-орунда 7457 абитуриент менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, ал эми 3-орунда 6369 абитуриент менен Ош мамлекеттик университети.

Жыйындын соңунда Жеңиш Бексултанов сөз сүйлөп, күндүн ысыгына, эс алуу убагы экенине карабай быйылкы кабыл алуу кампаниясына катышып берген бардык техникалык катчыларга, гранттык комиссиянын мүчөлөрүнө ректордун жана өзүнүн атынан өзгөчө ыраазычылык билдирди. – Автоматташтырылган маалымат системасынан алынган маалымат боюнча биздин университетке эң көп абитуриент катталып, документтерин тапшырып, окуй турганын тастыкташты. Бул – Улуттук университеттин окутуучулары менен жалпы жамаатынын авторитети. Биздин университетти тандаган абитуриенттер менен алардын ата-энелеринин ишеничин актайлы. Баарыңыздарга чың ден-соолук, ийгиликтерди каалайм, – деп сөзүн жыйынтыктады окуу иштери боюнча проректор.

5-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот. Министрликтин буйругу менен бекитилген графиктин негизинде окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу 15,16,17-август күндөрү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратында жүргүзүлөт.

Добавить комментарий