2024-жылдын 9-август күнү ректор Төлөбек Абдырахманов Улуттук университеттин ботаникалык багында жайгашкан Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча Кореянын эл аралык программасынын (KOPIA) Кыргызстандагы борборунун директору Кванг Сог Чу мырзаны кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө аталган борбордо аткарылып жаткан иштер боюнча пикир алмашуу болуп, борбордун келечегине байланышкан айрым маселелер талкууланды.
Жолугушууга о.э. KOPIA борборунун техно-паркынын менеджери Ким Хек Санг мырза менен ботаникалык бактын директору Улугбек Невераев ж.б. катышты.




