2024-жылдын 8-август күнү 4-турдун жыйынтыгы менен Улуттук университеттин жогорку билим берүү программаларына өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу башталды.

Эрте менен кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратынын эшиктери ачылаары менен, сыртта күтүп турган абитуриенттер өздөрү тандаган факультет/институттардын техкатчыларына келип, тиешелүү документтерди тапшырууга киришти.

Тапшыруу үчүн абитуриенттерге төмөндөгү документтер керек:

  • жалпы орто же орто кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик документ (түп нускасы);
  • 3×4 см өлчөмүндөгү 6 фотосурөт;
  • паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты (түп нускасы).

Белгилеп кетчү нерсе, 4-турда Улуттук университетке жалпысынан 447 абитуриент катталып, бул көрсөткүч боюнча КУУ Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында 2-орунду ээледи. 1-орунда 543 абитуриент менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, ал эми 3-орунда 419 абитуриент менен Кыргыз-Орус Славян университети.

Жалпы 4 турдун жыйынтыгы боюнча Улуттук университетке 7980 абитуриент катталып, бул көрсөткүч боюнча КУУ Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында 1-орунду ээледи. 2-орунда 7094 абитуриент менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, ал эми 3-орунда 6163 абитуриент менен Ош мамлекеттик университети.

Абитуриенттердин документтерин кабыл алуу 8,9,10-август күндөрү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратында жүргүзүлөт.

4-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот.

Добавить комментарий