2024-жылдын 8-август күнү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан №6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди орто кесиптик билим берүү бөлүмдөрүнө (колледждерге) кабыл алуунун 2-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов алып барган жыйынга кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Мирбек Айтымбетов жана колледждердин жетекчилери катышты. Өтүп жаткан жыйынга Каракол, Нарын, Ош жана Таластагы колледждердин жетекчилери онлайн-форматта күбө болушту.
Жыйындын башында Жеңиш Бексултанов оффлайн жана онлайн режимде өтүп жаткан отурумдун катышуучуларынын кворумун текшерип, сөз кезегин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысынын орун басары Изат Усеновго берди.
Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысынын орун басары Изат Усенов “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу орто кесиптик билим берүү бөлүмдөрүнө (колледждерге) катталган абитуриенттердин саны, ал багыттарга система тарабынан бөлүштүрүлгөн орундардын саны тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир багыт боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Жыйындын жүрүшүндө абитуриенттерди кабыл алууга байланышкан башка маселелер да каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
2-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот. Окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратында жүргүзүлөт.











