2024-жылдын 31-июль күнү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан №6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов алып барган жыйынга кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Мирбек Айтымбетов жана факультеттердин декандары, институттардын директорлору катышты.

Жыйындын башында Жеңиш Бексултанов оффлайн жана онлайн режимде өтүп жаткан отурумдун катышуучуларынын кворумун текшерип, сөз кезегин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысынын орун басары Изат Усеновго берди.

Ал “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу факультет, институттардын бюджеттик жана контракттык бөлүмдөрүндөгү багыттарга (адистиктерге) катталган абитуриенттердин саны, ал багыттар (адистиктер) боюнча калган орундардын саны жана ал орундарга “Бишкек шаары”, “Кичи шаарлар”, “Тоолуу аймактар” жана “Айыл аймактары” деген категориялар боюнча аталган система тарабынан бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир факультет/институт тууралуу тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Изат Усенов о.э. магистратурага тапшыруу боюнча да билдирүү жасады.

“Максаттуу кабыл алуу” жана “Жеңилдик берилген абитуриенттер” категориялары боюнча маалыматты кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысынын орун басарлары Венера Керималиева менен Гүлнара Бузурманкулова беришти.

Абитуриент Онлайн”  автоматташтырылган маалымат системасынан алынган маалымат боюнча 3-турда Улуттук университетке жалпысынан 912 абитуриент катталып (анын ичинде 425 – контракттык бөлүмгө, 522 – бюджеттик бөлүмгө), бул көрсөткүч боюнча КУУ Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында 2-орунду ээледи. 1-орунда 947 абитуриент менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, ал эми 3-орунда 732 абитуриент менен Кыргыз-Орус Славян университети.

Жыйындын жүрүшүндө абитуриенттерди кабыл алууга байланышкан башка маселелер да каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

3-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот. Министрликтин буйругу менен бекитилген графиктин негизинде окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу 1,2,3-август күндөрү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратында жүргүзүлөт.

Добавить комментарий