Абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясы жүрүп турган кезеңде бул кайрылуу эки түрдүү ой жаратат: биринчиси – кесип тандоого байланыштуу болсо, экинчиси – кайсы бир имаратты издөөгө. Бул билдирүүдө адашпоонун экинчи түрү тууралуу сөз болот.
Көп жылдык тажрыйба көрсөткөндөй, Улуттук университетке окууга өткөн абитуриенттердин басымдуу көпчүлүгү документтерди тапшыруу үчүн адегенде башкы имаратка келишет. Ал жерде “Кабыл алуу комиссиясы №6-окуу имаратында жайгашкан (Абдымомунов көчөсү-328)” деп бакыйып жазылып турганына карабастан, келгендердин баары имараттын ичине кирип, ал жакта эч нерсе жок экенин көргөндөн кийин, кайра чыгып, кайра окуп, убара болушат.
Абитуриенттер үчүн жогорудагыдай ыңгайсыздыктар болбош үчүн Фрунзе көчөсү менен Манас көчөсүнүн, Фрунзе көчөсү менен Турусбеков көчөсүнүн, Турусбеков көчөсү менен Рыскулов көчөсүнүн кесилиштеринин эки тарабына “Улуттук университет – National University” деген көрсөткүчтөр, ал эми №6-окуу имаратынын дубалдарына “Кабыл алуу комиссиясы” деген көрсөткүчтөр орнотулду.
Эми, Улуттук университеттин кабыл алуу комиссиясы жайгашкан №6-окуу имаратын адашпай, бат эле таап барасыздар деп ойлойбуз, урматтуу абитуриент!











