2024-жылдын 1-август күнү 3-турдун жыйынтыгы менен Улуттук университетте окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу башталды.
Эрте менен кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратынын эшиктери ачылаары менен, сыртта күтүп турган абитуриенттер өздөрү тандаган факультет/институттардын техкатчыларына келип, тиешелүү документтерди тапшырууга киришти.
Тапшыруу үчүн абитуриенттерге төмөндөгү документтер керек:
- жалпы орто же орто кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик документ (түп нускасы);
- 3×4 см өлчөмүндөгү 6 фотосурөт;
- паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты (түп нускасы).
Белгилеп кетчү нерсе, 3-турда Улуттук университетке жалпысынан 912 абитуриент катталып (анын ичинде 425 – контракттык бөлүмгө, 522 – бюджеттик бөлүмгө), бул көрсөткүч боюнча КУУ Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында 2-орунду ээледи. 1-орунда 947 абитуриент менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, ал эми 3-орунда 732 абитуриент менен Кыргыз-Орус Славян университети.
Абитуриенттердин документтерин кабыл алуу 1,2,37-август күндөрү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратында жүргүзүлөт.
3-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот.