2024-жылдын 30-июлунда ректор Төлөбек Абдырахманов Түштүк Кореянын Инчхон шаарында жайгашкан Инха университетинин делегациясын кабыл алды. Топтун башчысы, аталган окуу жайдын улук профессору Ха Хонг Ку мырза жана делегация мүчөлөрү менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өздөрүнүн университеттери тууралуу маалымат беришип, биргелешкен илимий программаларды түзүү, студенттер менен окутуучулардын академиялык алмашуусун уюштуруу жана Кыргызстанда логистикалык борбор түзүүнүн келечегин талкуулашты.

Төлөбек Абдырахманов жайдын аптабына карабай, элдин баары эс алып жаткан, Олимпиада оюндары өтүп жаткан учурда убакыт таап, Кыргыз улуттук университетине келгендиги үчүн Инха университетинин өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, Корея спортсмендеринин олимпиада жарыштарын ийгиликтүү башташы менен куттуктады жана Инха университети менен айрыкча логистика багытында кызматташууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

Жолугушууга ошондой эле: Инха университетинин профессору Ким Чен Чул, ECOVICE Co., Ltd компаниясынын башкы аткаруучу директору Ким Ик Жун, MMP KOREAнын башкы аткаруучу директору Ким Ин Сук, Decem LLCнын башкы директору Но Юн Сонг, Инха университетинин студенти Ким Со Юн айым, о.э. КУУнун окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултанов, эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаментинин директору Бакыт Келдибеков, А.Асанова атындагы менеджмент жана бизнес институтунун директору Меримкул Керимкулова жана аталган институттун доценти Наргиза Исмаилова катышты.

Белгилей кетсек, Инха университети – Инчхон шаарында жайгашкан изилдөө жана билим берүү мекемеси. Түштү Кореядагы эң көрүнүктүү жана популярдуу университеттердин рейтингинде алдыңкы ондукка кирет, ал эми анын техникалык жана курулуш факультеттери “Түштүк Кореянын университеттеринин” рейтингинде 4-орунда турат.

Добавить комментарий