2024-жылдын 24-июль күнү №6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов алып барган жыйынга кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Мирбек Айтымбетов жана факультеттердин декандары, институттардын директорлору катышты.
Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысынын орун басары Изат Усенов “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу факультет, институттардагы багыттарга (адистиктерге) катталган абитуриенттердин саны, ал багыттар (адистиктер) боюнча пландалган орундардын саны жана ал орундарга “Бишкек шаары”, “Кичи шаарлар”, “Тоолуу аймактар” жана “Айыл аймактары” деген категориялар боюнча аталган система тарабынан бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир факультет/институт тууралуу тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
“Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалымат системасынан алынган маалымат боюнча 2-турда Улуттук университетке жалпысынан 2162 абитуриент катталып (анын ичинде 1578 абитуриент контракттык бөлүмгө, 584 – бюджеттик бөлүмгө), бул көрсөткүч боюнча КУУ Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында кайрадан 1-орунду ээледи. 2-орунда 1853 абитуриент менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, ал эми 3-орунда 1533 абитуриент менен Ош мамлекеттик университети.
Жыйындын жүрүшүндө абитуриенттерди кабыл алууга байланышкан башка маселелер да каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
2-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот. Министрликтин буйругу менен бекитилген графиктин негизинде окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу 25,26,27-июль күндөрү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратында жүргүзүлөт.









