2024-жылдын 24-июль күнү №6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди орто кесиптик билим берүү бөлүмдөрүнө (колледждерге) кабыл алуунун 1-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов алып барган жыйынга кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Мирбек Айтымбетов жана колледждердин жетекчилери катышты. Өтүп жаткан жыйынга Каракол, Нарын, Ош жана Таластагы колледждердин жетекчилери онлайн-форматта күбө болушту.
Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысынын орун басары Изат Усенов “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу орто кесиптик билим берүү бөлүмдөрүнө (колледждерге) катталган абитуриенттердин саны, багыттар (адистиктер) боюнча пландалган орундардын саны жана абитуриенттердин аттестатынын/күбөлүгүнүн орточо баллы тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир колледж боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Жыйындын жүрүшүндө Жеңиш Бексултанов менен Мирбек Айтымбетов катышуучулардын кабыл алууга байланышкан суроолоруна да жооп беришти.
1-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот. Окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу 29, 30-июль күндөрү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратында жүргүзүлөт.








