Жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун 1-турунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз улуттук университети 1-орунду ээледи. Бул тууралуу bilim.akipress.org сайтында жарыяланды.
Маалымат булагы берген маалымат боюнча, 1-турда биздин окуу жайга катталган 4459 абитуриенттин 2462си, б.а. 55 пайыздан көбүрөөгү өздөрү тандаган институт, факультеттерге документтерин тапшырып, Улуттук университетте окуй турганын тастыкташты.
Бул көрсөткүч боюнча 2019 абитуриент менен Ош мамлекеттик университети экинчи, ал эми 1799 абитуриент менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университети үчүнчү орунду ээлешти.
Биринчи ондукта о.э. Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети (1116), И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (945), К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети (920), И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы (614), “Ала-Тоо” эл аралык университети (582), К.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик агрардык университети (388) жана М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети (280) бар.
Эскерте кетсек, жогорку окуу жайларына абитуриенттерди каттоо жана тандоо «Абитуриент Online» деп аталган автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Маалымат булагы: bilim.akipress.org