2024-жылдын 23-июль күнү ректор Төлөбек Абдырахманов Египеттин Улуттук билим берүү борборунун (NEN) Кыргызстандагы регионалдык менеджери, профессор Саид аль Маграби мырзаны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө КУУ менен NEN ортосундагы кызматташтык мамилелеринин келечеги талкууланды.

Египеттик профессор NEN тармагынын дүйнө жүзү боюнча 21 тестирлөө борбору бар экенин, алар Америкада, Улуу Британияда, Бириккен Араб Эмираттарында, Египетте, Түркияда ж.б. өлкөлөрдө жайгашканын жана Улуттук университет менен бирдикте Кыргызстанда да тестирлөө борборун ачуу максаты бар экенин билдирди.

Ректор айтылып жаткан тестирлөө системалары, алар тарабынан берилүүчү сертификаттар менен тааныштыгы бар экенин айтып, тиешелүү кызматтарга тапшырма берилип, маселе изилденип, чечим кабыл алынгандан кийин Саид аль Маграби мырза чакырылаарын билдирди.

Добавить комментарий