2024-жылдын 19-июлунда КУУнун стимул берүүчү ички грантын утуп алуу үчүн берилген сынактык илимий-изилдөө долбоорлорду талдоо жана талкуулоо боюнча жыйын болуп өттү.

Отурумдун жүрүшүндө долбоор жетекчилери өздөрү даярдаган өтүнмөлөр тууралуу билдирүү жасап, пландоо-каржы бөлүмүнүн башчысы Салтанат Эгешова конкурстук долбоорлорду тандоо жана баалоо критерийлери, сметасын түзүү эрежелери жөнүндө айтып берди.

Жыйынга о.э. илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, башкы бухгалтер Жамила Бакай кызы жана юридика бөлүмүнүн башчысы Рустиван Токтоналиев катышты.

Добавить комментарий