2024-жылдын 18-июль күнү Улуттук университетте окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу башталды.

Эрте менен кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратынын эшиктери ачылаары менен, сыртта күтүп турган абитуриенттер өздөрү тандаган факультет/институттардын техкатчыларына келип, тиешелүү документтерди тапшырууга киришти.

Тапшыруу үчүн абитуриенттерге төмөндөгү документтер керек:

  • жалпы орто же орто кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик документ (түп нускасы);
  • 3×4 см өлчөмүндөгү 6 фотосурөт;
  • паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты (түп нускасы).

Белгилеп кетчү нерсе, 1-турда Улуттук университетке жалпысынан 4 миң 459 абитуриент катталып (анын ичинде 3345 абитуриент контракттык бөлүмгө, 1114 – бюджеттик бөлүмгө), бул көрсөткүч боюнча КУУ Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында 1-орунду ээледи. 2-орунда Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, 3-орунда Ош мамлекеттик университети, 4-орунда Кыргыз-Орус Славян университети, ал эми 5-орунда Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы.

Абитуриенттердин документтерин кабыл алуу 18,19,20-июль күндөрү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратында жүргүзүлөт.

1-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот.

Тема боюнча материал:

Добавить комментарий