КУУнун алты магистрлик программасы эл аралык аккредитациянын жыйынтыгы боюнча «Excellent Quality» (Мыкты сапат) өзгөчө белгисин – “5 жылдыз” алды.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 26-мартынан 28-мартына чейин Ж.Баласагын атындагы КУУнун төмөндөгү багыттар боюнча алты магистрлик билим берүү программасы эл аралык аккредитациядан өткөн:

  • 581000 “Маркетинг”
  • 540200 «Социалдык иш»
  • 532300 «Кытай таануу»
  • 710200 «Маалыматтык системалар жана технологиялар»
  • 710400 «Программалык инженерия»
  • 510300 «Маалыматтык технологиялар».

КУУнун жамаатын билим берүү программаларын эл аралык жана профессионалдык-коомдук аккредитациядан ийгиликтүү өткөндүгү тууралуу сертификаттарды, о.э. Россия Федерациясынын Улуттук кесиптик-коомдук аккредитация борборунун «Эң жакшы сапат» аттестатына ээ болушу менен куттуктайбыз.

Эл аралык аккредитациянын бул сертификаттары эл аралык стандарттарга, кесиптик стандарттардын жана эмгек рыногунун талаптарына ылайык аккредитацияланган билим берүү программаларынын жогорку сапатын көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын «Билим Стандарт» Көз карандысыз аккредитация агенттиги менен биргелешкен эл аралык аккредитациянын жыйынтыгы боюнча аккредиттелген билим берүү программаларына «5 жылдыз» рейтинги ыйгарылган.

КУУнун жамааты аткарылган иштер үчүн тышкы эксперттик комиссияга, аккредитациялоо органдарынын жетекчилерине жана кызматкерлерине, ошондой эле университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине өзгөчө ыраазычылык билдирет!

(С) Гүлнара Бузурманкулова – илим сапаты, мониторинг, аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий