И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын доценти, п.и.к. Назира Кайдиева 2024-жылдын 21-июнунда 13.00.02. – Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (математика) адистиги боюнча “Концептуальные основы реализации основной образовательной программы непрерывного математического образования в условиях кредитной технологии” аттуу темада докторлук диссертациясы И.Арабаев атындагы КМУнун математика жана окутуунун технологиялары кафедрасында талкуудан ийгиликтүү өттү.

Жыйындын катышуучулары Н.К.Кайдиева актуалдуу теманын үстүндө изилдегендигин белгилешти. Илимий жетекчиси ф-м.и.д., профессор Алиев Ш.

Институттун жалпы жамааты п.и.к., доцент Н.К.Кайдиевага чын ден соолук жана докторлук диссертациясын алдын ала коргоого, коргоого ийгиликтерди каалашты.

(С) Кыдыралиева Айжан – ПКМДИнин пиар-менеджери

Добавить комментарий