2024-жылдын 22-июнь күнү физика жана электроника факультетине 1989-жылы тапшырып, 1994-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр 30 жылдан кийин келишип, учкан уясына ыраазычылыктарын билдиришти.

Кечени факультеттин деканы, ф.-м.и.к., доцент С.А.Токтогонов ачып, учурдагы жетишкендиктер, окутуу багыттары жөнүндө кеңири баян жасады. Бүтүрүүчүлөр өздөрүн тааныштырып, бардыгы турмуштан өз ордуларын тапкандыгына басым жасап айтышты. Алардын арасында мектеп мугалимдери, мектептин жана бала бакчанын директорлору, жеке ишкерлер, илимдин кандидаттары, доценттер, жогорку окуу окуу жайынын деканы жана декандын орун басарлары болуп иштегендер саналып өттү. Кандай гана кесипте иштебесин жогорку окуу жайдан алган билимдеринин жардамы болгондугун билдиришти. Ошондуктан факультетке кайрылып келишип, окуткан агай-эжейлерге ыраазычылыктарын айтышты.

Физика илимин, билимин өркүндөтүүгө чоң салым кошкон инсандарыбыз: Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, п.и.д., профессор  Эсенбек Мамбетакунович Мамбетакунов, ф.-м.и.к., профессор Мелис Абдраимович Ногаев, ф.-м.и.к., доцент Гүлмира Джумабаевна Бейшекеева , ф.-м.и.к., доцент Касымкул Утемисов, ф.-м.и.к., профессор Сагынтай Кадышевдер конок болуп келишип, омоктуу ойлору менен бөлүшүп, кызыктуу баарлашуу болду. Кадрларынын жетишкендиктерине күбө болушуп, кубангандыктарын билдиришти.

Мындан 30 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрдүн атынан факультетке музыкалык аппаратура тапшырылып, келечек муундарды тарбиялоого кызмат кылышына салымдарын кошуп кетишти.

(С) Дөөлөталиева А.С. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, п.и.к., доцент

Добавить комментарий