2024 жылдын 18-июнунда Жалал-Абад областынын Кара-Көл мэриясы, Кара-Көл шаардык кеңеши, Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте биргелешкен иш-чаралардын негизинде Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын, Түлөбердиев атындагы №2-жалпы билим берүү инновациялык мектебинин, Фрунзе атындагы №3-ЖОББ мектебинин, Шопоков атындагы №4- жалпы орто билим берүү мектебинин, Хуриев атындагы №5-орто мектебинин, Темиров Туралы атындагы №6-жалпы орто билим берүү мектебинин алдыңкы окуучулары, предметтик олимпиадалардын жеңүүчүлөрү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине кесипти туура тандоо, кесипке туура багыт алуу максатында 24 окуучу экскурсияга келишти.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети менен Кара –Көл шаарындагы мектептер тыгыз байланышта иштешет.
(С) Отонбаева Р.А. – кесиптик колледждин директорунун орун басары


