КУУнун 9 студенти 2024-жылдын 17-21-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөтү айылында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана IDEA Борбордук Азия коомдук уюму биргелекте өткөргөн “Келечек” жаш лидер мектебине окууга барып келишти.  

Аталган мектептин максаты – өлкөдөгү коомдук процесстерге активдүү катышуу, өз ара аракеттенүүгө жана таасир этүүгө жөндөмдүү, компетенттүү жана жоопкерчиликтүү жаштарды калыптандырууга өбөлгө түзүү. Окууга катышкан жаштардын лидерлик жөндөмдөрүн, атуулдук позициясын жана кесиптик өсүшүн өнүктүрүү.

“Келечек” лидерлер мектеби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы N699-тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылга иш планынын 198-пунктуна ылайык өткөрдү.

Катышуучулар 5 күн бою “Мен жана менин Кыргызстаным” Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхы, команда куруунун негиздери, азыркы Кыргызстандын тарыхы, лидерлик негиздер, санариптик дүйнө, медиа сабаттуулук, ишкердик жана инновация, искусство, маданият жана чыгармачылык, жарандуулук темаларында билимдерин кеңейтишти.

(С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун координатору

Добавить комментарий