А.А.Асанова ат. менеджмент жана бизнес институтунда  «Долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу» курсу улантылууда. 2024-жылдын 15-июнунда туристтик сервис чөйрөсүнөн, ресторандык бизнестен, соода, курулуш, айыл чарба секторлорунан жана үй чарбачылык тармагынан дагы 12 өкүлү  «Долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу» квалификациясын жогорулатуу курсун аяктагандыгы тууралуу сертификаттарды  алышты.

Тренингди аяктагандар долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон тренингди жогорку деңгээлде уюштургандыгы, актуалдуу билим  жана консультацияларды бергендиги үчүн А.А.Асанова ат. менеджмент жана бизнес институтунун Маркетингдик изилдөө борборунун тренерлерине жана уюштуруучуларына терең  ыраазычылыктарын билдиришти.

А.А.Асанова ат. Менеджмент  жана бизнес институтунда 2023-2024-окуу жылына карата аталган курста жалпысынан 48 адам билим алып жана  ишмердүүлүктүн ар кайсы тармагынын 54 өкүлү менен мотивациялык жолугушуулар өткөрүлдү.

Квалификацияны жогорулатуу курстарынын 2-агымынын уюштуруучулары жана тренерлери экономика илимдеринин кандидаттары, Менеджмент жана бизнес институтунун профессорлору жана доценттери, ошондой эле Маркетинг изилдөөлөр борборунун адистери, долбоордук ишмердүүлүк боюнча эксперттер: Керимкулова М.К., Мамбетова. А.А., Эрмекова А.Ш., Бакиева Н.К.

А.А.Асанова атындагы МБИда  «Долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу», «Бизнес башкаруу», «Практикалык маркетинг», «Сапатты башкаруу», «Финансылык менеджмент» ж.б. квалификацияны жогорулатуу курстары өтүлөт (маалымат үчүн байланыш: 0505 270176)

(С) Керималиева В.Ж. – окуу иштери боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий