2024-жылдын 19-20-июнь Нарын шаарындагы жана 24-25-июнь күндөрү Талас шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин профессордук-окутуучулук курамына илим жана илимий-метрикалык талдоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Асель Шайылдаева, Жолдошали кызы Үмүт жана Асел Рашитова “Scopus жана Web of Sciеnce маалымат базаларын натыйжалуу пайдалануунун практикалык ыкмалары жана  инструменттери” аттуу семинар-тренинг өтүштү.

Окутуучулар ORCID алуу, Google Scholar, Scopus, National H-index Ranking платформаларына катталуу, макалаларды жүктөө жана рейтингди көтөрүү  боюнча кенен маалымат алышты.

Алдыдагы ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз.

(С) Асел Рашитова – илим бөлүмүнүн башкы адиси

Добавить комментарий