География, экология жана туризм факультетинин студенттери туризм, рекреациялык география жана экология кафедрасынын доценти Жумашев Касымалы, ага окутуучулар Асенгемир Андрей жана Кенжебек уулу Асанбектин жетекчилиги астында “Ала-Арча” жаратылыш паркындагы Ураган-Жар коктусунун төрүндө орун алган “Ж.Баласагын атындагы КУУ” (4070 м.) чокусуна чыгып келишти.
Чокуда Кыргыз Республикасынын желеги, КУУнун желеги которулуп, чоку боюнча маалымат такта жаңыртылды. Экспедицияга кодоо көрсөткөндүгү үчүн КУУнун жана география, экология жана туризм факультетинин жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз!
Иш чара Жусуп Баласагындын 955 жылдыгына, Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына арналып уюштурулду.
Мамлекеттүүлүгүбүз бекем болуп, университетибиз өнүгүп, байрагы бийиктиктерге көтөрүлө берсин!
(С) Кенжебек уулу Асанбек – экспедициянын мүчөсү, илимий иштер боюнча декандын орун басары













