2024-жылдын 14-июнь күнү ректор Төлөбек Абдырахманов Нанжин технологиялык институтунун президенти Чжан Янфэй мырзаны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө КУУ менен НТИ ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланып, тиешелүү меморандумга кол коюлду.

Төлөбек Абдырахманов Нанжин технологиялык институтунан келген конокторду тосуп жатканына абдан кубанычта экенин билдирип, “Силер менен кызматташууга абдан куштарбыз. Улуттук университет – Кыргызстандагы чоң университеттердин бири. Кызматташууга мүмкүнчүлүгү кенен. Мындан ары сүйлѳшүп, андан кийин макулдашып, кызматташууга өтөбүз деген ойдомун”, – деди.

Окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов Улуттук университеттеги адистиктер, багыттар, окуу процесси тууралуу кенен маалымат берген соң, Нанжин технологиялык институтунун президенти Чжан Янфэй мырза сөз сүйлөп, ректордун жылуу сөздөрү үчүн рахмат айтып, “Кытай тилинде мындай байланышты “туугандардын байланышы” дейт. Сиздин университет менен кызматташуу үчүн абдан кубанычтамын. Биздин институт “технологиялык” деп аталганы менен, гуманитардык багыттар да абдан маанилүү”, – деди.

Сүйлөшүүлөр аяктаган соң Төлөбек Абдырахманов менен Чжан Янфэй мырза Кыргыз улуттук университети менен Нанжин технологиялык институтунун ортосундагы кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту.

Жолугушууга о.э. НТИнин аспирантура башкармалыынын директору Хао Сипэн мырза, материал таануу жана инженерия факультетинин деканы Ба Жишин айым, энергетика и энергоинженерия факультетинин деканы Лян Шаохуа мырза, электроэнергетика факультетинин деканы Лю Хайтао айым, эл аралык кызматташтык жана алмашуулар бөлүмүнүн башчысы Ци Фан айым, эл аралык кызматташтык жана алмашуулар бөлүмүнүн кызматкери Каниет Курманбек, о.э. КУУнун окуу иштери боюнча проректору Жеңиш ⁠Бексултанов, окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек ⁠Кыдыралиев жана эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт ⁠Келдибеков катышты.

Андан кийин Нанжин технологиялык институтунун өкүлдөрү кыргыз-кытай институтунда болушту.

Добавить комментарий