2024-жылдын 12-июнь күнү ректор Төлөбек Абдырахманов университеттин факультет декандары жана институт директорлору менен өндүрүштүк кеңешме өткөрдү. Жыйында окуу жылынын аякташына байланыштуу ар түрдүү маселелер каралып, түзүм жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилди.
Кеңешмеге окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов, илимий иштер боюча проректор Назаркул Ишекеев, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан, инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова, административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов, ректораттын аппарат жетекчиси Мирбек Айтымбетов, о.э. окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев, башкы бухгалтер Жамила Бакай кызы, пландоо-каржы бөлүмүнүн башчысы Салтанат Эгешова жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы Айгүл Жайнакова катышты.