2024-жылдын 11-июнь күнү ректор Төлөбек Абдырахманов “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун президенти Жарасул Абдураимовду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө эки жетекчи “Кыргызиндустрия” менен КУУнун ортосундагы кызматташтык мамилелерин талкуулашып, тиешелүү келишимге кол коюшту.
Жарасул Абдураимов өзү жетектеген акционердик коомдун курамына кирген ишканалар, ишке ашырылган проекттер, келечек пландары, о.э. билим берүү жана илим тармагында кызматташкан мекемелер жөнүндө маалымат берип, КУУнун студенттерин практикага, жумушка алып, ал эмес алардын илимий-изилдөө иштерине жетекчи болуп берүүгө даяр экенин билдирди.
Төлөбек Абдырахманов “Кыргызиндустрия” менен кызматташууга даяр экендигин билдирип, “Азыр биздин университет Улуттук илимдер академиясынын физика, математика жана химия институттары менен иштешип жатат. Эмдиги жылга жакшы пландарды койдук. Биз эми өндүрүш менен да алектенели деп атабыз. Сиздин сөздү уксам, силер каражат да бере алат экенсиңер. Биз аны кайтарып бере тургандай болуп иштешсек болот экен. Потенциал бар. Бүгүнкү келгениңиз аябай жакшы болду. Экөөбүз келишимге кол койгондон кийин, бул жерде отурган түзүм жетекчилери силерге барсын. Алардын сунушун силер колдоп берсеңер, аралашып, чогуу иштесек жакшы болот деп ойлойм. Колдон келген аракетти кылабыз”, – деди.
Андан кийин Жарасул Абдураимов менен Төлөбек Абдырахманов “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коому менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшту.
Жолугушууга о.э. “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун президентинин кеңешчиси Советбек Сарбанов, КУУнун инвестициялар боюнча проректору Гүлбара Сыдыкова, окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев, инвестициялар бөлүмүнүн башчысы Бурул Назарматова, экономиканын жогорку мектебинин директору Эркин Кулова, компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Амантур Рыспаев, математика жанан информатика факультетинин деканы Изат Усенов, физика жана электроника факультетинин деканы Самат Токтогонов катышты.
