2024-жылдын 10-июнунда Билим жана илим министрлигинин буйругу менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине кураторлукка бекитилген Чүй областынын Ысык-Ата районуна караштуу Красная Речка жалпы орто билим берүү мектебинде окуучуларды сергек жашоого үндөө жана кесипке багыттоо максатында КУУнун ректорунун кубогун утуп алуу үчүн райондун 10-11 класстардагы мектеп окуучуларынын арасында волейбол боюнча турнир өткөрүлдү.

Мелдешке Ысык-Ата районунда жайгашкан мектептердин эң мыкты 10 командасы (5 кыздар командасы, 5 уландар командасы) катышып, чон атаандааштыкта оюн көрсөтүштү.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча орундар төмөндөгүдөй аныкталды:

 Кыздар арасында:

  • 1-орун: Красная речка орто мектеби
  • 2-орун: Ш.Рахманов атындагы орто мектеп (Нооруз айылы)
  • 3-орун: А.Молдокулов атындагы орто мектеп (Эпкин айылы).

Балдар арасында:

  • 1-орун: Красная речка орто мектеби
  • 2-орун: Р.Шаботоев атындагы орто мектеп (Юрьевка айылы)
  • 3-орун: Красная речка орто мектеби.

Жеңүүчүлөргө Ректордун өтмө кубогун, дипломдорду жана медалдарды КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановдун атынан окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев тапшырды.

Баса белгилей кетчү жагдай, оюндун жүрүшүндө ар бир команда эң мыкты оюн корсөтүп, спортчулардын деңгээлдери жогорулап жаткандыгы таамай көрүнүп турду.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректораты оюнга катышкан мектептердин жетекчилерине, окуучулардын ата-энелерине, машыктыруучуларга жана калыстык кылган университеттин дене-тарбия кафедрасынын окутуучуларына терең ыраазычылык билдирет.

(С) Алмазбек Кыдыралиев – окуу башкармалыгынын башчысы

Добавить комментарий