2024-жылдын 23-май күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында журналистика жана коммуникация институтунун алдындагы Матисаков мектебинин “Миң булак” деп аталган алгачкы жыйнагынын бет ачар салтанаты болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чараны КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов ачып, аталган мектептин негиздөөчүлөрүн, институттун жамаатын жыйнактын бетачары менен куттуктап, “Матисаков мектебиндей” өнөрканалар болочок кадрлардын мыкты адис болуусунда чоң роль ойноорун белгиледи.

Журналистика жана коммуникация институту тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чарада өзүнүн куттуктоо сөздөрүн кыргыз интеллигенциясынын каймактары, кыргыздын сөзү, өңү болгон инсандар: Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик Миталип Мамытов, “Манас” орденинин ээси, академик Осмонакун Ибраимов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Султан Раев (видео аркылуу), Кыргыз Республикасынын эл акыны Кожогелди Култегин, Кыргыз Республикасынын эл акыны Меңди Мамазаирова, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, “Жетиген” журналынын башкы редактору Абдиламит  Жумашев, адабий сынчы Рысбек Эшматов, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Түмөнбай Колдошев,  “Ноокат” коомунун мүчөлөрү айтышып, ак батасын беришти.

Академик М.Мамытов өзүнүн сөзүндө ардактуу профессор А.Матисаковдун ишине, “Матисаков мектебинин” мүчөлөрүнө чыгармачылык ийгилик каалап, өзүнүн ак батасын берди.

Ал эми адабий сынчы Рысбек Эшматов жаш калемгерлердин чыгармаларында жаштыктын деми, ишеними, эмоционалдуулугу байкаларын айтты.

Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк баштаган институттун окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Абдиламит Матисаковго бекем ден соолук каалап, “Миң булак” жыйнагынын авторлоруна чыгармачылык эргүү каалап өтүштү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын эл  акыны Азамат Болгонбаев, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Саламат Садыкова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Тилек Найманбаев жана ырчы Сактан Кабылбеков өз өнөрлөрүн тартуулашты.

(С) П.Джаныбекова – адис

Добавить комментарий