2024-жылдын 21-майында Бангладештин Кыргызстандагы элчиси Мухаммад Ислам Монирул мырза башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Улуттук университеттин медицина факультетинде окуп жаткан мекендештери менен жолугушту.

Иш чараны окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов ачып, сөз кезегин Элчи мырзага берди. Ал сөзүнүн башында КУУнун жетекчилигин окуу жайдын 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, бул маараке – “Улуттук университет өзүнчө тарыхы, репутациясы, демек өз ысымы бар окуу жай” дегенди билдирээрин белгиледи. Андан ары Мухаммад Ислам Монирул мырза башка тилдерди, анын ичинде кыргыз тилин сыйлаарын билдирип, мекендештери менен өз тилинде сүйлөшүүгө уруксат сурады жана бир сааттан ашык убакыт бангладештик студенттер менен эне тилинде маектешип, алардын суроолоруна жооп берди.

Жыйындын соңунда студенттер Элчи мырза менен жолугушуу абдан пайдалуу жана кызыктуу болгонун билдиришти.

Добавить комментарий