2024-жылдын 21-май күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов Улуттук университеттин медицина факультетинде окуп жаткан бангладештик студенттер менен жолугушту.

Ал жыйындын катышуучуларына азыр Кыргызстандагы абал тынч экенин, чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугу үчүн чаралар көрүлүп жаткандыгын айтып, “Сиздердин коопсуздугуңуздар үчүн министрлик бир жумага онлайн окутууга буйрук берди. Анын негизинде биз дагы буйрук даярдап, азыр онлайн окуу болот сиздерде. Кыргызстанда, анын ичинде Бишкекте абал тынч эле. Биздин университетте азыр 700дөн ашуун чет өлкөлүктѳр окуйт. Алардын ар бири университет үчүн баалуу. Ойлоруңар же сунуштарынар болсо айткыла. Биз дайыма сиздерди колдойбуз”, – деди.

Бангладештик студенттердин өкүлү Кыргыз мамлекети тарабынан бардык шарттар түзүлүп, Улуттук университеттин жетекчилиги, факультеттин деканы, мугалимдери өз убагында келип, студенттердин абалдарын сурап, кам көрүп жаткандыгын билдирип, ыраазычылык айтты. Андан ар ал “Бирок, кооптуу абал дагы эле сакталууда. Биздин ата-энелерибиз кыжаалат болуп жатышат. Ошондуктан, бир жумалык онлайн окуу бизге азыраак болуп калат. Аны 2 айга узартып берсеңиздер деп суранат элек”, – деди.

Студенттердин суроосуна проректор “Сиздер анда расмий түрдө арыз менен кайрылыңыздар. Биз аны министрлик менен чогуу чечип беребиз. Анткени, биз үчүн сиздердин коопсуздугуңуздар өтө маанилүү”, – деди.

Жолугушууга о.э. жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Кадыр уулу Алмаз, медицина факультетинин деканы Чынгыз Узакбаев катышты.

Добавить комментарий