2024-жылдын 23-май күнү башкы имараттагы смарт-класста Россия Федерациясынын Билим сапатына мониторинг жүргүзүү илим-изилдөө институту тарабынан математика боюнча 1-3-курстар арасында Ачык эл аралык студенттик интернет-олимпиаданын 2-туру компьютердик тестирлөө түрүндө (онлайн режиминде) өткөрүлдү.

Эл аралык студенттик интернет-олимпиадага  математика жана информатика факультетинин 3-курс студенттери Алмазбеков Марат менен Кайрыев Байжигит катышты.

Окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев КУУнун студенттерине олимпиаданын эрежелерин айтып, төмөнкүлөрдү  белгиледи: “Урматтуу студенттер, сиздер Кыргыз Республикасынын намысын коргоп, 1-турда жеңүүчү болдуңуздар. Мындан ары да билимиңерди натыйжалуу пайдалануу менен ийгиликке жетишип, супер финалда жеңүүчү болушуңуздарды каалайм”.

(С) Сопонова Аида – академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспорттоо жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башкы адиси

Добавить комментарий