Веб-аналитика тармагындагы SimilarWeb сервисинен алынган маалымат боюнча 2024-жылдын Март айында КУУнун сайтына жалпысынан 101 миң 572 адам кирип, өзгөчө макам алган жогорку окуу жайлардын арасында 1-орунду ээледи.
1. Сайтка кирүүчүлөрдүн саны (Март-2024):
- КУУ = 101 миң 572 адам
- КММА = 83 962
- КМТУ = 43 091
- ОшМУ = 41 571
- КМАУ = < 5000

Мындан сырткары, ошол эле сервисте сайттардын глобалдуу жана жергиликтүү рейтингдери да аныкталган.
2. Сайттардын рейтинги (Март-2024):
Глобалдуу рейтинг (Дүйнө боюнча)
- КУУ = 374 миң 578 орунда
- КММА= 427 425
- КМТУ= 798 485
- ОшМУ = 837 515
- КМАУ = 6 652 644
Жергиликтүү рейтинг (Кыргызстан боюнча)
- КУУ = 543 орунда
- КММА = 734
- ОшМУ = 1 340
- КМТУ = 2 518
- КМАУ = 8 095

Диаграммаларда көрүнүп тургандай, КУУнун сайты экинчи көрсөткүч боюнча да Март айында 1-орунду ээледи.
Урматтуу кесиптештер жана сайтыбыздын коноктору!
Сайтыбызга мындан да көбүрөөк кирип, окуу жайда болуп жаткан жаңылыктар менен таанышып, сунуш-пикирлер болсо айтып, дайым байланышта болуп туруңуздар.
Мурунку айлардагы көрсөткүчтөр менен «Абалың кандай, knu.kg» рубрикасынан таанышууга болот.