2024-жылдын 9-апрель күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда жана Каракол шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинде Улуттук университеттин 030503 «Юриспруденция» адистиги боюнча орто кесиптик билим берүү программасын аккредитациялоо боюнча тышкы эксперттик комиссиянын жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү.

Жыйынды Кыргыз Республикасынын Сапатты аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинин (САРА) тышкы эксперттик комиссиясынын төрагасы, юридика илимдеринин кандидаты, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын доценти Назира Турсунбаева ачып, КУУнун Каракол шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинде ишке ашырылып жаткан 030503 «Юриспруденция» адистиги боюнча орто кесиптик билим берүү программасына баа берүү боюнча түзүлгөн тышкы эксперттик комиссия өз ишин аяктаганын кабарлады. Назира Сартбаевна андан ары комиссия мүчөлөрү эки күн бою окуу жайдын бардык түзүмдөрүндө болуп, ал жердеги окутуучулар, студенттер, бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр менен жолугушканын, бардык документтер менен таанышканын билдирди жана Каракол шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетиндеги ийгиликтер, жетишкендиктер менен катар айрым сунуштарын да айтты.

Жыйындын соңунда ал комиссия мүчөлөрү тарабынан Улуттук университеттин жогоруда айтылган билим берүү программасын 5 жылдык мөөнөткө аккредитациялоо тууралуу чечим кабыл алынганын билдирди.

Иш чарага онлайн режимде катышып отурган окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов Кыргыз Республикасынын Сапатты аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинин тышкы эксперттик комиссиясынын мүчөлөрүнө эки күн бою аткарган иштери үчүн терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады жана айтылган сунуштардын баарын аткарууга аракет жасалаарын билдирди.

Аккредитациялоонун жыйынтыгын чыгаруу отурумуна о.э. тышкы эксперттик комиссиянын мүчөлөрү Руслан Бердибаев, Кайрат Танабаев, Бактыгүл Токсобаева, Нургуля Эсенгулова, КУУнун өкүлдөрү Алмазбек Кыдыралиев, Лариса Курманалиева, Гүлнара Бузурманкулова, Надежда Храмцова, Айпери Иманходжаева жана Каракол шаарындагы ГТИФтин өкүлдөрү Т.Э.Кылчыкбаев, Т.Т.Раева, Г.В.Соколова катышты.

Добавить комментарий