2024-жылдын 12-апрелинде башкы имараттагы смарт класста ойчул, даанышман, тилчи Жусуп Баласагындын 950 жылдыгына арналган “Кыргызстандын окутуу системасындагы көп тилдүүлүк: мульти-тилдүү шарттарда мамлекеттик жана чет тилдерин ɵнүктүрүүдɵгү билим берүүнүн сапатын заманбап технологиялар менен камсыз кылуу маселелери: ойлор, тажрыйбалар, кɵйгɵйлɵр” аттуу эл аралык семинар-тренинг болуп өттү.

Алгач сөздү мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан алып, семинар-тренингдин катышуучуларын куттуктап, иштерине ийгилик каалады. Андан соң чет тилдер факультетинин деканы З.К.Гузиева сөз сүйлөп, келген конокторду куттуктады.  

Иш чаранын модераторлору: КУУнун факультеттер аралык жана мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, ф.и.к.,профессор Г.К.Осмоналиева жана чет тилдер факультетинин англистика жана маданий аралык коммуникация кафедрасынын башчысы, ф.и.к, доцент А.О.Абдимомунова

Мамлекеттик тилди окутуу боюнча ф.и.д., профессор Г.Т.Жаманкулова кесиптик тилди окутуудагы көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору тууралуу сөз козгоду. Факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Г.К.Осмонолиева, ага окутуучу К.К.Жусупкелдиевдер кесиптик тилди окутуу, деңгээлдер боюнча билим берүү тууралуу баяндама жасашса, ага окутуучу Б. Акматова иш кагаздар боюнча сабактын үлгүсүн көрсөтүп беришти. 

Семинар-тренингге Кыргыз Республикасынын 10дон ашык жогорку окуу жайларынан  катышса, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн он-лайн 40тан ашык профессор-окутуучулар катышып, кызыктуу баяндамаларды жасашты. Америка, Англия, Индия, Түштүк Африка, Россия, Казакстан, Тажикстан, Иран, Өзбекстан, Кытай өлкөлөрүнүн окумуштуулары он-лайн режимде катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө 20 га жакын докладдар окулду. Баяндамачылардын көпчүлүгү тилдерди окутууда заманбап технологияларды колдонуу, тилдерди окутуудагы көйгөйлөр тууралуу болду.

Семинар-тренинг факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы жана чет тилдер факультетинин англистика жана маданий аралык коммуникация кафедрасы биргеликте өткөрдү. Иш чаранын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

(С) К.К. Жусупкелдиев – факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучусу

Добавить комментарий