2024-жылдын 15-апрелинде 5-окуу имаратындагы жыйындар залында “Манас” эпосу жана кыргыз мамлекеттүүлүгү” аттуу студенттик илимий конференция болуп ѳттү. Жыйынга социалдык-гуманитардык илимдер институтунун студенттери катышып, “Манас” эпосу боюнча ар тармактуу илимий баяндамаларды жасашты.

Илимий конференциянын катышуучуларын СГИИнин директору Камчыбек уулу Мырзабек, кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев, ушул эле факультеттин деканынын орун басары Майрам Жаңыбаева жана доцент Аскар Медетовдор куттукташты.

Студенттер “Манас” эпосунун келип чыгышы, образдары, “Манас” эпосу боюнча изилдѳѳлѳрдѳгү илимий концепциялары боюнча 30дан ашык баяндамаларды жасашып, кеңири талкуу болду.

Конференцияны Манас таануу жана дүйнѳлүк адабият кафедрасы уюштурду.

(С) Жекшен кызы Самара – Манас таануу жана дүйнѳлүк адабият кафедрасынын ага окутуучусу

Добавить комментарий