2024-жылдын 5-апрель күнү башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында белгилүү коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер, публицист-журналист, Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун төрагасы, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы, КР маданиятына эмгек сиӊирген ишмер Абдыкадыр Султанбаевге “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору” наамын ыйгаруу аземи болду.

Жыйын кеченин күнөөкөрүнүн өмүр сүртүмдөрүн, басып өткөн жолун камтыган слайд шоу менен башталды.

Иш чараны ректор Төлөбек Абдырахманов ачып, Абдыкадыр Султанбаев үзүрлүү эмгеги менен сый-урматка татыганын, кажыбас кайрат, тынымсыз аракети менен бир катар ары жооптуу, ары сыймыктуу кызматтарды аркалап, көп жылдан бери Улуттук университет менен тыгыз кызматташып келе жатканын белгиледи. Анын өмүр жолу өсүп келе жаткан жаштарга үлгү болоорун, бүгүнкү тапшырылып жаткан “Ардактуу профессор” наамына татыктуу экендигин баса белгилеп, мындан арыкы иштерине ийгилик, ден соолук жана бакубат жашоо каалады жана Абдыкадыр Султанбаевге “КУУнун ардактуу профессору” наамынын дипломун тапшырды.

Жаңыдан гана ардактуу наамга татыктуу болгон Абдыкадыр Султанбаев профессорлук лекциясын “Мындан туура 50 жыл мурда ушул окуу жайдын босогосун аттап, экзамендерге толкундануу менен даярданган кезибиз эсиме түшүп турат. Эмгегими жогору баалап, “Ардактуу профессор” наамын ыйгарганыңыздар үчүн кубанычтамын. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын флагманы болгон окуу жайдан бул наамды алыш мен үчүн чоӊ сыймык. Ректор Төлөбек Абдырахмановго жана Окумушуулар кеӊешинин мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдирем”, – деп баштады.

Андан ары ал учурдун маанилүү маселелери, журналисттик иштин жоопкерчилиги, сөз жана басма сөз эркиндиги жаатындагы өзүнүн көз караш, ойлорун камтыган ары кызыктуу, ары актуалдуу лекция окуп, катышуучулардын, айрыкча студенттердин жандуу кызыгуусун жаратуу менен жакшы кабыл алынды.

Аталган аземге улай Абдыкадыр Султанбаевдин көп жылдык публицист-журналисттик ишинин үзүрү болгон “Өткөндөн элестер” китебинин бетачары болду. Китепке автордун ар кыл жылдары жазылган, өз кезегинде республикалык басма сөз беттеринде жарык көрүп, жандуу кызыгуу, талкууларды жараткан очерк, публицистикалары, маектери жана замандаштарынын анын бейнесине арналган макалалар топтолду.

Калемгердин каармандары жөнөкөй эмгек адамдары, маданият ишмерлери, окумуштуулар, саясатчылар. Жалпыга маалымдоо каражаттары, учурдун көйгөйлөрү жаатындагы макала, маектери козгогон маселелеринин өзгөчө актуалдуулугу, олуттуулугу, түбөлүктүүлүгү, ынанымдуулугу менен айырмаланат жана автордун иш-билгилигин, чыныгы кесипкөйлүгүн айгинелеп турат.

Китеп окурмандардын кеңири чөйрөсүнүн, анын ичинде кыргыз журналистикасынын тарыхына кызыккан окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн, студенттердин кызыгуусун жаратат деген ойдобуз.

Иш чарага академиктер Алтай Бөрүбаев, Абдыганы Эркебаев, таанымал адабиятчы, журналист-педагог айым, филология илимдеринин доктору, профессор.Жылдыз Бакашова, профессорлор Назаркул Ишекеев, Тилектеш Ишемкулов, Эсенбай Нурушев, Абдиламит Матисаков, А.Асанова сыяктуу республикага белгилүү илимпоз-окумуштуулар, маданият ишмерлери жана КУУнун Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү, кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Добавить комментарий